# 1133-статья. Нотариустук ырастамага теңештирилген керээздер

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 61-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июня 2017 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам инвалидности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111599)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281638..1281639>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1133>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1133.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1133-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1133

---

1. Нотариалдык ырасталган күбөлөргө:

1) ооруканаларда, госпиталдарда, башка стационардык дарылоо мекемелеринде жаткан же улгайган граждандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар үчүн социалдык станционардык мекемелерде жашаган граждандардын бул ооруканалардын, госпиталдардын жана башка дарылоо мекемелеринин башкы врачтары, алардын медициналык бөлүк боюнча орун басарлары же кезметчи врачтары, ошондой эле госпиталдардын начальниктери, улгайган граждандар жана ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар үчүн социалдык станционардык мекемелердин директорлору же башкы врачтары тарабынан ырасталган керээздери;

2) чалгындоо же башка ага окшогон экспедицияларда жүргөн граждандардын ошол экспедициялардын начальниктери тарабынан ырасталган керээздери;

3) аскер кызматчыларынын керээздери, ал эми аскер бөлүктөрү жайгашкан нотариус жок пункттарда ал бөлүктөрдө иштеген граждандык адамдардын, алардын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жана аскер кызматчыларынын үй-бүлө мүчөлөрүнүн аскер бөлүктөрүнүн командири тарабынан ырасталган керээздери;

4) эркинен ажыратуу жайларында жүргөн же камакта отурган адамдардын тиешелүү мекемелердин начальниктери тарабынан ырасталган керээздери;

5) нотариус жок калктуу пункттарда жашаган адамдардын мыйзамга ылайык нотариустук аракеттерди жасоого укугу бар кызмат адамдары тарабынан ырасталган керээздери.

2. Ушул статьянын 1-пунктуна таандык кылынган керээздерге керээзге кол кое турган күбөнүн катышуусу менен керээз калтыруучунун колу коюлат.

Керээзди нотариатта күбөлөндүрүү жөнүндө талап болгондон башка учурларда, мындай керээздерге карата тиешелүү түрдө ушул Кодекстин 1132-статьясынын эрежелери колдонулат. (КР 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1132-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1132)  
Кийинки берене: [1134-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1134)
