# 1131-статья. Керээздин түрү жөнүндө жалпы эрежелер

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 61-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 8 июня 2017 года № 100 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты по вопросам инвалидности"](https://aqlex.ai/kg/doc/111599)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281638..1281639>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1131>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1131.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1131-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1131

---

1. Керээз кат жүзүндө аны түзүүнүн ордун жана убактысын көрсөтүү менен түзүлүүгө, керээз калтыруучунун жеке өзүнүн колу коюлууга жана нотариатта күбөлөндүрүлүүгө тийиш.

2. Эгерде керээз калтыруучу дене-боюнун кемчилдигинин, оорусунун же сабатсыздыгынын айынан керээзге өз колу менен кол кое албаса, керээзге анын өтүнүчү боюнча мыйзамга ылайык керээзди ырастоочу нотариустун же башка адамдын катышуусу менен башка бирөө тарабынан керээз калтыруучу алардын айынан өз колу менен кол кое албаган себептерди көрсөтүү менен кол коюлушу мүмкүн.

Дене бойлук кемчилдигинен улам керээзге өз колун коюуга мүмкүнчүлүгү болбогон, ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам нотариустун же керээзди ырастоого укуктуу башка адамдын катышуусунда факсимилдик колтамганын жардамы менен керээзге кол коюуга укуктуу. Мында ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адам тарабынан пайдаланылган факсимилдик колтамганын аныктыгы мыйзамда белгиленген тартипте нотариаттык ырасталууга тийиш, ал эми керээзде болсо факсимилдик колтамга колдонулгандыгынын жагдайлары жөнүндө белги коюлуусу керек.

3. Керээз калтыруучунун ордуна керээзге:

1) нотариус же керээзди ырастаган башка адам;

2) анын пайдасына керээз түзүлгөн же керээздик баш тартуу жасалган адам, андай адамдын күйөө-аялдары, балдары, ата-энелери, неберелери жана чөбөрөлөрү, ошондой эле керээз калтыруучунун мыйзам боюнча мурастоочулары;

3) толук жөндөмдүүлүккө ээ болбогон граждандар;

4) керээзди окууга жөндөмү жок сабатсыз жана башка адамдар, мурда жалган күбө болгондук үчүн соттолгондор кол кое албайт.

(КР 2017-жылдын 8-июнундагы № 100 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1130-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1130)  
Кийинки берене: [1132-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1132)
