# 1128-статья. Шарт коюлган керээз

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 61-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1128>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1128.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1128-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1128

---

1. Керээз калтыруучу мурасты алууну мураскордун жүрүм-турумунун мүнөзүн белгилүү бир укук чегинде шарттоого укуктуу.

2. Мураскорду дайындоо же мурастоо укугунан ажыратуу жөнүндө тескемеге киргизилген укук ченемине каршы шарттар анык эмес.

3. Керээзге мураскордун ден соолугунун абалы боюнча же башка бейтарап себептер боюнча аткарылышы мүмкүн болбогон шарттарды киргизүү мураскордун доосу боюнча анык эмес деп табылышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [1127-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1127)  
Кийинки берене: [1129-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1129)
