# 1127-статья. Жалпы жоболор

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 61-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1127>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1127.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1127-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1127

---

1. Граждандын өзү өлгөндөн кийин өзүнө тиешелүү мүлктү же ага болгон укукту тескөө боюнча билдирилген жана тиешелүү түрдө жол-жоболоштурулган эрк-ниети керээз деп таанылат.

2. Керээз өз колу менен түзүлөт. Керээзди өкүл аркылуу түзүүгө жол берилбейт.

3. Граждан өзүнүн бүткүл мүлкүн же анын бир бөлүгүн мыйзам боюнча мураскорлордун арасына кирген, ошондой эле кирбеген да бир же болбосо бир нече адамга, ошондой эле юридикалык жакка, мамлекетке же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына керээзге калтыра алат.

4. Керээзге калтыруучу мыйзам боюнча мураскорлорду түшүндүрүп отурбастан бир мураскорду, бир нече же бардык мураскорлорду мурастан ажыратып салууга укуктуу. Эгерде керээзден башка келип чыкпаса, мыйзам боюнча мураскорду мурастан ажыратып салуу анын өкүлчүлүк укугу боюнча мурастоочу урпактарына жайылтылбайт.

5. Мурас калтыруучу ар кандай мүлк жөнүндө тескөөнү камтыган керээз калтырууга укуктуу.

Мурас калтыруучу керээз калтыруу учурунда өзүнө таандык болбогон мүлк жөнүндө тескөөнү камтыган керээзди калтырууга укуктуу. Эгерде керээз ачылган учурга карата мындай мүлк ага таандык болсо, тиешелүү тескөө жараксыз болуп эсептелет.

6. Мурас калтыруучу аны түзгөндөн кийин кандай гана болбосун учурда түзүлгөн керээзди жокко чыгарууга жана өзгөртүүгө укуктуу жана мында жокко чыгаруунун же өзгөртүүнүн себептерин көрсөтүүгө милдеттүү эмес.

7. Мурас калтыруучу өзү тарабынан керээзде мураскор деп дайындалган адамдарга алар өлүп калса өз кезегинде өздөрүнө керээзделген мүлктү белгилүү түрдө тескөө укугун жүктөөгө укуксуз.

---

Мурунку берене: [1126-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1126)  
Кийинки берене: [1128-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1128)
