# 1124-статья. Мурасты ачуунун орду

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 60-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1124>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1124.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1124-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1124

---

Мурас калтыруучунун акыркы туруктуу жашаган орду мурасты ачуунун орду болуп саналат. Эгерде мурас калтыруучунун акыркы жашаган жери белгисиз же Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары жерде болсо, мурас калтыруучуга тиешелүү болгон кыймылсыз мүлк же анын негизги бөлүгү турган Кыргыз Республикасынын аймагында жайгашкан жер, ал эми кыймылсыз мүлк жок болгондо - кыймылдуу мүлкүнүн негизги бөлүгү болгон жер мурасты ачуунун орду деп таанылат.

---

Мурунку берене: [1123-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1123)  
Кийинки берене: [1125-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1125)
