# 1123-статья. Мурасты ачуу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 60-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1123>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1123.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1123-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1123

---

1. Граждандын өлүмүнүн же анын сот тарабынан өлдү деп жарыяланышынын натыйжасында мурас ачылат.

2. Мурас калтыруучу өлгөн күн (зарылдыгы боюнча), ал эми аны өлдү деп жарыялаганда, эгерде соттун чечиминде башка күн көрсөтүлбөсө, гражданды өлдү деп жарыялоо жөнүндө соттун чечими күчүнө кирген күн мурасты ачуу убактысы деп табылат.

3. Эгерде бир календардык сутканын (жыйырма төрт сааттын) ичинде биринен кийин бири мурастоого укуктуу адамдар өлүп калса, алар бир мезгилде өлдү деп табылат, алардын ар бири өлгөндөн кийин мурастоо ачылат жана алардын ар биринин мураскорлору мурастоого чакырылат.

---

Мурунку берене: [1122-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1122)  
Кийинки берене: [1124-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1124)
