# 1121-статья. Жалпы биргелешкен менчик болуп саналган мүлктү мурастоо

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 60-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1121>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1121.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1121-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1121

---

1. Жалпы биргелешкен менчиктин катышуучусунун өлүмү жалпы мүлккө болгон анын укугунун үлүшүн аныктоо жана жалпы мүлктү бөлүү, же болбосо андан өлгөн катышуучунун үлүшүн бөлүп чыгаруу үчүн негиз болуп саналат. Бул учурда өлгөн катышуучунун үлүшүнө тиешелүү жалпы мүлккө карата мурас, ал эми мүлктү натуралай бөлүштүрүү мүмкүн болбогондо - мындай үлүштүн наркына карата ачылат.

2. Жалпы биргелешкен мүлктүн катышуучусу өзү өлгөндөн кийин ушул статьянын 1-пунктуна ылайык аныктала турган жалпы мүлккө болгон укуктагы өз үлүшүн керээзге калтырууга укуктуу.

---

Мурунку берене: [1120-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1120)  
Кийинки берене: [1122-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1122)
