# 1120-статья. Мурастын курамы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 60-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 3 августа 2013 года № 186 "О внесении дополнений и изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203996)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281629..1281630>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1120>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1120.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1120-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1120

---

1. Мурастын курамына мурас ачылган учурда мураскорго тиешелүү бардык укуктар жана милдеттер кирет, мурастын болушу мураскордун өлүмү менен токтотулбайт.

2. Мураскордун инсаны менен ажырагыс байланышкан:

1) эгерде мыйзам же келишим тарабынан башка каралбаса, юридикалык жак болуп саналган коммерциялык жана башка уюмдарга мүчө болуу, катышуу укугу;

2) өмүрүнө жана ден соолугуна келтирилген залалдын ордун толтуруу укугу;

3) алименттик милдеттенмелерден келип чыгуучу укуктар жана милдеттер;

4) топтолуучу пенсиялык фонддордон пенсиялык топтоолордун каражаттарына укуктарды кошпогондо, эмгек жана социалдык камсыздоо жөнүндө мыйзамдардын негизинде пенсияга, пособиелерге жана башка төлөөлөргө болгон укук;

5) мүлктүк укуктарга байланышпаган инсандык мүлктүк эмес укуктар жана милдеттер мурастын курамына кирбейт.

3. Мураскорго тиешелүү инсандык мүлктүк эмес укуктар жана башка материалдык эмес жыргалчылыктар мураскорлор тарабынан жүзөгө ашырылышы жана корголушу мүмкүн.

(КР 2013-жылдын 3-августундагы № 186 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1119-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1119)  
Кийинки берене: [1121-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1121)
