# 1115-статья. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 59-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281645..1281646>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1115>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1115.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1115-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1115

---

1. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна ээ болгон жак ошол товардын граждандык жүгүртүүгө киргизилишине байланыштуу бул белгилерди товарда, таңгакта, эсептерде, жарнамада, проспекттерде жайгаштырууга жана аны башкача түрдө пайдаланууга укуктуу.

2. Географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы ушул Кодекстин 1114-статьясынын 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген товарды белгилөө үчүн бир нече жактар тарабынан биргелешип, ошондой эле бири-бирине көз карандысыз да каттоодон өткөрүлүшү мүмкүн. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугу мындай жактардын ар бирине таандык болот.

3. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугунан ажыратууга, аны өткөрүп берүү жөнүндө башка бүтүмдөргө жана лицензиянын негизинде аны пайдаланууга укук берүүгө жол берилбейт.

(КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1114-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1114)  
Кийинки берене: [1116-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1116)
