1115-статья. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугу
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 59-Глава
Акыркы өзгөртүү: Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68
1. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугуна ээ болгон жак ошол товардын граждандык жүгүртүүгө киргизилишине байланыштуу бул белгилерди товарда, таңгакта, эсептерде, жарнамада, проспекттерде жайгаштырууга жана аны башкача түрдө пайдаланууга укуктуу.
2. Географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы ушул Кодекстин 1114-статьясынын 2 жана 3-пункттарында көрсөтүлгөн талаптарга жооп берген товарды белгилөө үчүн бир нече жактар тарабынан биргелешип, ошондой эле бири-бирине көз карандысыз да каттоодон өткөрүлүшү мүмкүн. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугу мындай жактардын ар бирине таандык болот.
3. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугунан ажыратууга, аны өткөрүп берүү жөнүндө башка бүтүмдөргө жана лицензиянын негизинде аны пайдаланууга укук берүүгө жол берилбейт.
(КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1115-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин өзгөртүүлөр тарыхы
Берененин текстиндеги «редакциясына ылайык» белгилери боюнча, жаңылары биринчи. Күнү - өзгөртүүчү актынын кабыл алынган күнү.
Берененин байланыштары
Берене шилтеме берет
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-1115" title="1115-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>