# 1114-статья. Географиялык көрсөтмөнү жана товар чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоо

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 59-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281645..1281646>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1114>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1114.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1114-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1114

---

1. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын укуктук коргоо аны каттоонун негизинде берилет.

2. Товардын келип чыккан өлкөсүнүн, регионунун же жайгашкан жеринин аймагын, аныкталган сапатын, беделин жана анын географиялык келип чыгышы менен олуттуу деңгээлде байланышкан башка мүнөздөмөлөрүн идентификациялоочу белги ага укуктук коргоо берилүүчү географиялык көрсөтмө болуп саналат. Бул географиялык объекттин аймагында товардын мүнөздөмөлөрүн түзүүдө олуттуу таасирин тийгизүүчү товарды өндүрүү баскычтарынын жок дегенде бири жүзөгө ашырылууга тийиш.

3. Өлкөнүн, шаардык же айылдык калктуу конуштун, жердин же мындай аталышты же мындай аталыштын туундусун камтыган башка географиялык объекттин азыркы же тарыхый, расмий же расмий эмес, толук же кыскартылган аталышын туюндурган жана өзгөчө касиеттери ошол географиялык объект үчүн мүнөздүү болгон жаратылыш шарттары жана (же) адамдык факторлор менен гана аныкталуучу товарга карата аны пайдалануунун натыйжасында белгилүү болгон белги ага укуктук коргоо берилүүчү товардын чыгарылган жеринин аталышы болуп саналат. Бул географиялык объекттин аймагында товардын өзгөчө касиеттерин түзүүдө олуттуу таасирин тийгизүүчү товарды өндүрүүнүн бардык баскычтары жүзөгө ашырылууга тийиш.

4. Географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын каттоо интеллектуалдык менчик жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт.

5. Каттоонун негизинде географиялык көрсөтмөнү же товар чыгарылган жердин аталышын пайдалануу укугу жөнүндө күбөлүк берилет.

6. Каттоо, күбөлүктөрдү берүү, пайдалануу, каттоону жана күбөлүктөрдү жараксыз деп таануу жана колдонулушун токтотуу тартиби жана шарттары мыйзам менен аныкталат.

(КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1113-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1113)  
Кийинки берене: [1115-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1115)
