# 1113-статья. Товардык белгиге болгон укукту бузгандык үчүн жоопкерчилик

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 59-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 23.03.2023 [Закон Кыргызской Республики от 23 марта 2023 года № 68 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики в сфере интеллектуальной собственности"](https://aqlex.ai/kg/doc/112551); 25.02.2013 [Закон КР от 25 февраля 2013 года № 32 "О внесении дополнений и изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203839)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281645..1281646>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1113>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1113.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1113-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1113

---

Товардык белгини укук ченеминде колдонбогон адам эреже бузууну токтотууга жана товардык белгинин ээсине келтирилген чыгымдардын ордун толтурууга же мыйзамдарда белгиленген компенсацияны төлөөгө милдеттүү. Товардык белгини мыйзам ченеминде колдонбогон адам товардык белгинин даярдап алган сүрөттөлүштөрүн жок кылууга, товардан же анын таңгагынан мыйзамсыз пайдаланылган товардык белгини же аны менен алмаштырып алууга чейинки даражада окшош белгини алып салууга милдеттүү. Ушул статьянын экинчи бөлүгүндө белгиленген талаптарды аткаруу мүмкүн болбогондо тиешелүү товар жок кылынууга жатат. Товардык белгинин ээси укук бузууларды токтотуу же келтирилген чыгымдарды төлөтүү жөнүндө талаптардан тышкары, ишкер беделин калыбына келтирүү максатында соттун чечимин жарыялоону талап кылууга укуктуу. (КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32, 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамдарынын редакцияларына ылайык)

§3. Географиялык көрсөтмө же товар чыгарылган жердин аталышы (Параграфтын аталышы КР 2023-жылдын 23-мартындагы № 68 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

Караңыз: КР 1998-жылдын 14-январындагы № 7 "Товардык белгилер, тейлөө белгилери жана товарлар чыгарылган жерлердин аталыштары жөнүндө" Мыйзамы

---

Мурунку берене: [1112-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1112)  
Кийинки берене: [1114-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1114)
