# 1104-статья. Фирмалык аталышка болгон өзгөчө укук

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 59-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 23 июля 2016 года № 133 "О внесении изменений в некоторые законодательные акты Кыргызской Республики (в Гражданский кодекс Кыргызской Республики, Закон Кыргызской Республики "О государственной регистрации юридических лиц, филиалов (представительств)") и признании утратившим силу Закона Кыргызской Республики "О фирменных наименованиях"](https://aqlex.ai/kg/doc/111412)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281634..1281635>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1104>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1104.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1104-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1104

---

1. Юридикалык жакка өзүнүн фирмалык аталышын мыйзамга карама-каршы келбеген кандай болбосун ыкма менен (фирмалык аталышка болгон өзгөчө укук), анын ичинде аны көрнөктөрүндө, бланктарында, эсептеринде жана башка документтеринде, кулактандырууларда жана жарнамада, товарларда же алардын таңгактарында, "Интернет" тарамында көрсөтүү жолу менен жекелештирүү каражаты катары пайдалануунун өзгөчө укугу таандык.

2. Фирмалык аталышка өзгөчө укукту тескөөгө (анын ичинде аны фирмалык аталышты пайдалануудан ажыратуу же башка жакка укугун берүү жолу менен) жол берилбейт.

3. Юридикалык жакка башка юридикалык жактын, мурда юридикалык жактардын, филиалдардын (өкүлчүлүктөрдүн) бирдиктүү мамлекеттик реестрине киргизилген фирмалык аталышына окшош фирмалык аталышын пайдаланууга жол берилбейт.

(КР 2016-жылдын 23-июлундагы № 133 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [11031-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-11031)  
Кийинки берене: [1105-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1105)
