# 1101-статья. Жабык маалыматты коргоо укугу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 58-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1101>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1101.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1101-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1101

---

Эгерде ушул Кодекстин 34-статьясында белгиленген шарттар сакталса, үчүнчү жактарга белгисиз (жабык маалымат) техникалык, уюштуруучулук же коммерциялык маалыматка, анын ичинде өндүрүштүн жашыруун сырларына укуктун чегинде ээ болгон адам ал маалыматты мыйзамсыз пайдалануудан коргоо укугуна ээ болот. Жабык маалыматты мыйзамдуу негиздерсиз пайдалануудан коргоо укугу ал маалыматка карата кандайдыр бир майда эрежелер (аны каттоодон өткөрүү, күбөлүк алуу ж.б.) аткарылгандыгына карабастан пайда болот. Жабык маалыматты коргоо жөнүндө эрежелер мыйзамга ылайык кызматтык же коммерциялык жашыруун сырды (юридикалык жактар, мүлккө болгон укуктар жана аны менен болгон бүтүмдөр жөнүндө мамлекеттик каттоого жаткан маалыматтар, мамлекеттик статистикалык отчеттуулук катары берилүүгө жаткан маалыматтар ж.б.) түзө албаган маалыматтарга колдонулбайт. Жабык маалыматты коргоо укугу ушул Кодекстин 34-статьясында каралган шарттар сакталып турганга чейин колдонулат.

---

Мурунку берене: [1100-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1100)  
Кийинки берене: [1102-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1102)
