# 1093-статья. Кызматтык ойлоп табуулар, пайдалуу моделдер, өнөр жай үлгүлөрү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 56-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 февраля 2003 года № 39 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики".](https://aqlex.ai/kg/doc/1163)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281616..1281617>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1093>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1093.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1093-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1093

---

1. Эгерде бул алардын ортосундагы келишимде каралса, жумушчулар тарабынан өздөрүнүн кызматык милдеттерин же жумуш берүүчүнүн айкын тапшырмасын аткаруу учурунда түзүлгөн ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө (кызматтык ойлоп табуу) патент алуу укугу жумуш берүүчүгө таандык кылынат.

2. Кызматтык ойлоп табуу, пайдалуу модел, өнөр жай үлгүсү үчүн авторго акчалай сыйлык төлөөнүн өлчөмү, шарттары жана тартиби аны менен жумуш берүүчүнүн ортосундагы макулдашуу тарабынан аныкталат. Макулдашууга жетишилбеген учурда чечим сот тарабынан кабыл алынат. Эгерде кызматттык ойлоп табууну, пайдалануу моделди же өнөр жай үлгүсүн түзүүдөгү автордун жана жумуш берүүчүнүн салымын өлчөөгө мүмкүн болбосо, авторго жумуш берүүчү алган же алууга тийиш болгон пайданын жарымын алуу укугу таанылат.

(КР 2003-жылдын 17-февралындагы № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1092-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1092)  
Кийинки берене: [1094-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1094)
