# 1091-статья. Автордук укук

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 56-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1091>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1091.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1091-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1091

---

1. Ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн авторуна автордук укук таандык кылынат жана ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө атайын аталыш ыйгаруу укугу берилет.

Ойлоп табууга, пайдалуу моделге, өнөр жай үлгүсүнө атвордук укук жана башка жеке укуктар патентке негизделген укуктар пайда болгон учурдан тартып келип чыгат.

2. Мыйзам тарабынан ойлоп табуунун, пайдалуу моделдин, өнөр жай үлгүсүнүн авторуна атайын укуктар, жеңилдиктер жана социалдык мүнөздөгү артыкчылыктар бекемделиши мүмкүн.

3. Билдирмеде автор катары көрсөтүлгөн адам, башкача далилденгенге чейин автор болуп эсептелет. Укук келип чыкканга чейин орун алган фактылар жана жагдайлар гана далил катары келтирилиши мүмкүн.

---

Мурунку берене: [1090-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1090)  
Кийинки берене: [1092-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1092)
