# 1089-статья. Ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн пайдалануу укугу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 56-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 февраля 2013 года № 32 "О внесении дополнений и изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203839)
- Берененин өзгөртүүлөрү: 25.02.2013 [Закон КР от 25 февраля 2013 года № 32 "О внесении дополнений и изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203839); 17.02.2003 [Закон КР от 17 февраля 2003 года № 39 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики".](https://aqlex.ai/kg/doc/1163)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281626..1281627>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1089>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1089.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1089-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1089

---

1. Патент ээсине патент аркылуу корголгон ойлоп табууну, пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн өзүнүн кароосу боюнча пайдалануунун өзгөчө укугу, анын ичинде корголгон чечимдерди колдонуу менен продукция чыгаруу укугу, патент менен корголгон технологиялык процесстерди өз өндүрүшүндө колдонуу, корголгон чечимдерди камтыган продуктыларды сатуу же сатууга сунуш кылуу, тиешелүү продуктыларды импорттоо укугу таандык кылынат.

Патент ээсинен башка адамдар ушул Кодекске же башка мыйзамдарга ылайык мындай пайдалануу патент ээсинин укуктарын бузуу болуп эсептелбеген башка учурларда, башка адамдар ойлоп табууну пайдалуу моделди, өнөр жай үлгүсүн пайдаланууга укуксуз.

2. Патенттелген ойлоп табууну, пайдалуу моделди же өнөр жай үлгүсүн камтыган продуктуну санкциялабастан даярдоо, колдонуу, импорттоо, сатууга сунуш кылуу, сатуу, граждандык карым-катнашка башкача киргизүү же ушул максатта сактоо, ошондой эле чарбалык карым-катнашка киргизүү же болбосо ушул максатта ойлоп табууга болгон патент тарабынан корголуучу ыкма менен түздөн-түз даярдалган продуктуну түздөн-түз сактоо иштегенде же пайдаланганда анын арналышына ылайык ушул ыкма өзүнөн өзү ишке аша турган түзүлүш патент ээсинин өзгөчө укугун бузуу деп таанылат.

Башкача далилденбесе продукт патенттелген ыкма менен даярдалды деп эсептелет. (КР 2003-жылдын 17-февралындагы № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык) КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32 Мыйзамы менен 1089-статьянын расмий тилиндеги редакциясына өзгөртүүлөр киргизилди

---

Мурунку берене: [1088-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1088)  
Кийинки берене: [1090-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1090)
