# 1085-статья. Эфирдик уктуруу уюмунун укугу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 55-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 февраля 2013 года № 32 "О внесении дополнений и изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203839)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281626..1281627>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1085>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1085.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1085-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1085

---

1. Ушундай уруксатты бергендиги үчүн сыйакы алууга укукту кошуп алганда, кабелдик уктуруу ишканасына анын берүүлөрүнө карата берүүнү кандай формада болбосун пайдаланууга жана берүүнү пайдаланууга уруксат берүүгө өзгөчө укуктар таандык.

Берүүнү пайдаланууга уруксат берүүнүн өзгөчө укугу кабелдик уктуруу ишканасынын төмөнкүдөй аракеттерди жүзөгө ашырууга уруксат берүү укугун билдирет:

1) анын берүүсүн кабель боюнча жалпыга маалымдоо үчүн бир эле убакта кабелдик уктуруунун башка ишканасына кабарлоо;

2) берүүнү эфирге берүү;

3) берүүнү жаздыруу;

4) берүүнүн жазуусун кайра көбөйтүү;

5) акы төлөп киргизилүүчү жерлерде жалпыга маалымдоо үчүн берүүнү кабарлоо.

2. Эфирдик уктуруу ишканаларынын укуктарын чектөө мыйзам тарабынан белгиленет.

3. Эфирдик уктуруу ишканасы өз укуктарын чыгармалардын авторлорунун жана аткаруучулардын укуктарын, ал эми тиешелүү учурларда аткарууну жазуу укуктарынын ээлеринин жана эфирдик уктуруунун башка ишканаларынын укуктарын эске алуу менен жүзөгө ашырат.

(КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1084-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1084)  
Кийинки берене: [1086-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1086)
