# 1084-статья. Фонограмма чыгаруучунун укуктары

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 55-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 февраля 2013 года № 32 "О внесении дополнений и изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203839)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281626..1281627>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1084>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1084.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1084-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1084

---

(Берененин аталышы КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Фонограмма чыгаруучуга анын фонограммасына карата фонограмманы кандай формада болбосун пайдаланууга өзгөчө укук таандык.

2. Фонограмманы пайдаланууга өзгөчө укук төмөнкүдөй аракеттерди жүзөгө ашыруу же жүзөгө ашырууга уруксат берүү укугун билдирет:

1) фонограмманы көчүрүү;

2) фонограмманы кайра жасоо же кандай ыкма менен болбосун кайра иштеп чыгуу;

3) фонограмманын нускаларын жайылтуу, башкача айтканда аларды сатуу, прокатка берүү;

4) ушул фонограмманы чыгаруучунун уруксаты менен даярдалган нускаларды кошуп алганда, жайылтуу максатында фонограмманын нускаларын импорттоо;

5) кандай болбосун адам өзүнүн тандоосу боюнча кайсы жерден болбосун жана кайсы убакта болбосун ага жетишүү мүмкүн болгондой жалпыга маалымдоо үчүн фонограмманы кабарлоо (жалпыга маалымдап жеткирүү укугу).

3. Эгерде фонограмманын жазылып алынган нускасына менчик укугу аны жазып алуучуга таандык болбосо, фонограмманы пайдалануунун, анын ичинде коммерциялык прокатка берүүнүн өзгөчө укугу жазууну жазган адамга карата сакталат.

4. Аткарууну чыгарган адамдын укуктары мыйзам тарабынан чектелет.

5. Аткарууну жазуунун укук ээлери өз укуктарын чыгарманын авторлорунун жана аткаруучулардын укуктарын эске алуу менен жүзөгө ашырылат.

(КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1183-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1183)  
Кийинки берене: [1085-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1085)
