# 1078-статья. Чыгарманы келишимсиз укукка жат пайдалануу үчүн жоопкерчилик

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 54-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 февраля 2013 года № 32 "О внесении дополнений и изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203839)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281626..1281627>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1078>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1078.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1078-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1078

---

1. Чыгарма укук ээси менен келишимсиз пайдаланылганда, укук бузуучу укук ээсинин тарткан зыяндарынын, анын ичинде алынбай калган пайдасынын ордун толтурууга милдеттүү. Укук ээси укук бузуучудан зыяндын ордун толтуруунун ордуна укук бузуунун натыйжасында алынган кирешелерди өндүрүп берүүнү талап кылууга укуктуу.

Чыгарманы автордук келишимде каралбаган ыкмалар менен пайдалануу, же мындай келишимдин күчү токтогондон кийин пайдалануу чыгарманы келишимсиз пайдалануу деп эсептелет.

2. Анын өтүнүчү боюнча автордук укуктардын ээсине аларды өткөрүп берген учурларды кошпогондо, соттун чечими боюнча чыгармалардын алынып коюлган контрафакттык нускалары жок кылынууга жатат.

(КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1077-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1077)  
Кийинки берене: [1079-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1079)
