# 1077-статья. Автордук лицензиялык келишимдин колдонулуш мөөнөтү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 54-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1077>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1077.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1077-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1077

---

1. Автордук лицензиялык келишим анда каралган мөөнөттүн ичинде, бирок автордук укуктун күчүнүн мөөнөтүнөн ашпаган мөөнөттө күчүндө болот.

2. Чыгарманын автору же анын мураскорлору автордук лицензиялык келишимге анын мөөнөтү жөнүндө шарттар киргизилгендигине карабастан, келишим түзүлгөн күндөн тартып он жыл өткөндөн кийин, келишимди бузууга чейин алты ай калганда өзүнүн контрагентине бул тууралу кат жүзүндө билдирүү менен, келишимди бир тараптуу бузууга укуктуу. Мындай укук автордо же анын мурасчыларында ар бир он жылда пайда болот.

3. Келишимде укук ээсинин келишимди бузууга алып келе турган чыгарманы пайдалануунун мөөнөттөрүн каралышы мүмкүн.

---

Мурунку берене: [1076-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1076)  
Кийинки берене: [1078-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1078)
