# 1074-статья. Автордук келишимдин шарттары

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 54-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 февраля 2013 года № 32 "О внесении дополнений и изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203839)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281626..1281627>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1074>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1074.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1074-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1074

---

1. Автордук келишимге:

чыгарманы пайдалануунун ыкмалары (аталган келишим боюнча өткөрүлүп берилүүчү айкын укуктар); укук өткөрүлүп берилген мөөнөт жана аймак; чыгарманы пайдалануунун ар бир ыкмасы үчүн акчалай сыйлыктын өлчөмү жана (же) анын өлчөмүн аныктоонун тартиби, төлөп берүүнүн тартиби жана мөөнөттөрү каралууга тийиш. Автордук келишимге чыгарманы пайдалануу укугу кандай мөөнөткө бериле тургандыгы жөнүндө шарттар жок болгондо, эгерде аны пайдалануучу келишим бузулганга чейин алты ай калганда бул тууралу кат жүзүндө билдирилсе, келишим автор тарабынан ал түзүлгөн күндөн тартып беш жыл аяктагандан кийин бузулушу мүмкүн. Автордук келишимде чыгарманы пайдалануу укугу колдонула турган аймактын чектери жөнүндө шартар жок болгондо, келишим боюнча өткөрүлүп берилүүчү укуктун күчү Кыргыз Республикасынын аймагы менен чектелет.

2. Келишим түзүү учуруна карата белгисиз болгон чыгарманы пайдалануу укугу автордук келишимдин заты боло албайт.

3. Чыгарманы пайдалангандык үчүн акчалай сыйлыктын өлчөмү тараптардын макулдашуусу боюнча автордук келишимде аныкталат.

Эгерде чыгарманы басып чыгаруу же башкача кайталоо жөнүндө автордук келишимде акчалай сыйлык белгилүү бир сумма түрүндө аныкталса, анда келишимде чыгарманын максималдуу нускасы белгиленүүгө тийиш. (Үчүнчү абзацы КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32 Мыйзамына ылайык күчүн жоготту)

4. Автордук келишим боюнча өткөрүлүп берилген укуктар келишимдин ар кандай тарабы аркылуу башка адамдарга бул мындай келишимде тикелей каралган учурда гана берилиши мүмкүн.

(КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1073-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1073)  
Кийинки берене: [1075-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1075)
