# 1071-статья. Автордук укуктун колдонулуш мөөнөтү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 54-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1071>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1071.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1071-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1071

---

1. Автордук укук анын бүткүл өмүрүнүн ичинде жана автор өлгөндөн кийинки жылдын 1-январынан тартып эсептегенде дагы 50 жыл бою күчүндө болот.

2. Авторлоштук менен түзүлгөн чыгармага автордук укук авторлоштордун бүткүл өмүрүнүн ичинде жана башка авторлоштордон көп жашаган акыркы автор өлгөндөн кийин 50 жыл бою күчүндө болот.

3. Тергеме ат менен же автору аталбастан биринчи жолу жарык көргөн чыгармаларга автордук укук чыгарма жарык көргөн жылдан кийинки жылдын 1-январынан тартып элүү жыл бою күчүндө болот.

Эгерде аталган убакыттын ичинде аты белгисиз автор же тергеме ат билинсе, анда ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттөр колдонулат.

4. Ушул статьянын биринчи бөлүгүндө көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде автордук укук автордун мураскорлоруна таандык болот жана мурастоо боюнча өтүп турат. Ушул эле мезгилдин ичинде атвордук укук бул укукту автор менен келишим боюнча алган укуктук жолун жолдоочуларга, анын мураскорлоруна жана андан кийинки укуктук жолун жолдоочуларга таандык болот.

5. Автор өлгөндөн кийин элүү жылдын ичинде алгачкы жолу жарык көргөн чыгармага автордук укук чыгарма жарык көргөн жылдан кийинки жылдын 1-январынан тартып эсептегенде элүү жыл бою күчүндө болот.

6. Автордук, автордун ысымы жана чыгарманын кол тийгистиги мөөнөтсүз корголот.

---

Мурунку берене: [1070-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1070)  
Кийинки берене: [1072-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1072)
