# 1068-статья. Кызматтык чыгармага болгон укук

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 54-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 февраля 2013 года № 32 "О внесении дополнений и изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203839)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281626..1281627>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1068>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1068.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1068-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1068

---

1. Кызматтык тапшырманы аткаруу тартибинде түзүлгөн чыгармага (кызматтык чыгарма) мүлктүк эмес жеке укук чыгарманын авторуна таандык кылынат.

2. Эгерде аны менен автордун ортосундагы келишимде башкача каралбаса, кызматтык чыгарманы тапшырманын максатында шартталган ыкма менен жана андан келип чыгуучу чектерде пайдалануу укугу ал чыгарма тапшырмасы менен түзүлгөн жана автор эмгектик мамилелерде турган адамга (жумуш берүүчүгө) таандык болот.

Жумуш берүүчүнүн автор менен түзгөн келишиминде кызматтык чыгарманын пайдалангандыгы үчүн авторго акчалай сыйлык төлөө каралышы жана аны пайдалануунун башка шарттары камтылышы мүмкүн.

3. Чыгарма берилген учурдан тартып он жыл аяктагандан кийин, ал эми жумуш берүүчүнүн макулдугу менен жана андан мурда автор чыгарманы пайдаланууга жана жумуш берүүчү менен түзүлгөн келишимге карабастан автордук акчалай сыйлык алууга толук көлөмдө укуктуу болот.

4. Автордун кызматтык чыгарманы тапшырманын максатында шартталбаган ыкма менен пайдалануу укугу чектелбейт.

5. Кызматтык милдеттенмелерди же жумуш берүүчүлөрдүн кызматтык тапшырмаларын аткаруу тартибинде энциклопедияларды, энциклопедиялык сөздүктөрдү, мезгилдүү басылмаларды түзүүгө ушул статьянын жоболору жайылтылбайт.

(КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1067-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1067)  
Кийинки берене: [1069-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1069)
