# 1065-статья. Башка чыгарманы жеке максаттарда кайра чыгаруу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 54-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 февраля 2013 года № 32 "О внесении дополнений и изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203839)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281626..1281627>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1065>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1065.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1065-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1065

---

1. Эгерде мында чыгарманы ойдогудай пайдаланууга зыян жана автордун мыйзамдуу таламдарына шек келтирилбесе, басылып чыккан башка чыгарманы автордун макулдугусуз жана авторго акчалай акы төлөбөстөн пайдаланууга жол берилет.

2. Ушул статьянын 1-пунктунун жоболору төмөнкүлөргө карата колдонулбайт:

имараттар жана ушуга окшогон курулмалар түрүндөгү архитектуралык чыгармаларды көбөйтүүгө; маалымат базаларын же алардын ичинен маанилүү бөлүктөрүн көбөйтүүгө; мыйзамда каралган учурларды кошпогондо, ЭЭМ үчүн программаларды көбөйтүүгө; китептерди (толугу менен) жана ноталык тексттерди репродукциялоого; жалпынын маалыматына чейин жеткирилген чыгармаларды кандай гана болбосун уруксатсыз көбөйтүүгө; чыгарманы кадимкидей пайдаланууга зыян келтирүүсү жана автордун мыйзамдуу кызыкчылыктарын негизсиз түрдө бузуусу мүмкүн болгон башка кандай гана болбосун көбөйтүүгө.

3. Ушул статьянын 1-пунктуна карама-каршы келген түрдө мыйзамда аудиовизуалдык чыгарманын же фонограммада чагылдырылган чыгарманын жеке максатта пайдаланган учурда тиешелүү жазуунун автору, аткаруучусу жана аны чыгарган адам тиешелүү акчалай сыйлык алууга укуктуу болот.

Кайра пайдалануу үчүн акчалай сыйлык кайра пайдалануу үчүн керектелүүчү жабдууларды (үн аппаратураларды, көрсөтмө магнитофондорду жана башкаларды) жана материалдык алып жүрүүчүлөрдү (үн жана (же) көргөзмө тасмалар, кассеталар, лазер дискалары, компакт-дискеттер жана башкаларды) өндүрүүчүлөр же импортоочулар тарабынан чегерүүлөр (проценттер) түрүндө төлөнөт. (КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1064-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1064)  
Кийинки берене: [1066-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1066)
