# 1063-статья. Чыгарманы пайдалануу укугун тескөө

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 54-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1063>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1063.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1063-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1063

---

1. Автор же укук ээси келишим боюнча анын ичинде калк алдында соода кылууда түзүлгөн келишим боюнча чыгарманы пайдалануунун бардык укуктарын башка адамга өткөрүп бериши (пайдалануу укугун ээликтен ажыратуу) мүмкүн.

2. Чыгарманы пайдалануу укугу униварсалдуу укуктук жолун жолдоочулук тартибинде өтөт.

3. Укук ээси башка адамга чыгарманы белгилүү бир чектерде пайдаланууга уруксат (лицензия) бериши мүмкүн. Уруксат чыгарманы алгачкы түрүндө, ошондой эле кайра иштетилген түрүндө, атап айтканда өткөрүү, аранжировка жана башкалар түрүндө пайдалануу үчүн талап кылынат.

4. Чыгарманы пайдалануунун ар бир ыкмасына укук ээсинин атайын уруксаты талап кылынат.

---

Мурунку берене: [1062-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1062)  
Кийинки берене: [1064-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1064)
