# 1062-статья. Автордун мүлктүк укуктары

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 54-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 февраля 2013 года № 32 "О внесении дополнений и изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203839)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281626..1281627>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1062>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1062.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1062-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1062

---

(Берененин аталышы КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Авторго чыгармасына карата чыгарманы кандай болбосун формада жана кандай болбосун ыкмада пайдалануунун өзгөчө укугу таандык.

2. Чыгарманы пайдалануу болуп төмөнкүлөр эсептелет:

1) чыгарманы кайталап чыгаруу;

2) чыгарманын нускаларын жайылтуу;

3) автордук өзгөчө укуктардын ээсинин уруксаты менен даярдалган нускаларды кошуп алганда, жайылтуу максатында чыгарманын нускаларын импорттоо;

4) чыгарманы көпчүлүк алдында көрсөтүү;

5) чыгарманы көпчүлүк алдында аткаруу;

6) эфирге берүү жана (же) кийин эфирге берүү жолу менен жалпыга маалымдоо үчүн чыгарманы кабарлоо;

7) кабель, зым боюнча же ага окшогон башка каражаттардын жардамы менен жалпыга маалымдоо үчүн чыгарманы кабарлоо;

8) чыгарманы которуу;

9) чыгарманы кайра иштеп чыгуу (кайра башкача жасоо, аранжировкалоо же башкача кайрадан иштеп чыгуу);

10) кандай болбосун адам өзүнүн тандоосу боюнча кайсы жерден болбосун жана кайсы убакта болбосун чыгармага жеткиликтүүлүктү ала алгыдай жол менен чыгарманы жалпыга маалымдоого жеткирүү;

11) дизайнердик, архитектуралык, шаар куруу жана сейил бактарынын долбоорлорун иш жүзүндө ишке ашыруу. Эгерде келишимде башкача каралбаса, кабыл алынган архитектуралык долбоордун автору курулуш үчүн документтерди иштеп чыгууда жана имаратты же курулманы курууда өзүнүн долбоорун ишке ашырууга катышууга укук берүүнү тапшырыкчыдан талап кылууга укуктуу.

Чыгармага экинчи жолу объективдүү форма, ал түп нускасында кандай болсо ошондой форманы берүү (чыгарманы басып чыгаруу, үн же көргөзмө жазууларды жана башкаларды нускалоо) кайталап берүү болуп саналат. Чыгарманы сатуу, алмаштыруу, прокатка берүү же анын нускалары менен башка операцияларды жүргүзүү, чыгарманы жайылтуу болуп эсептелет.

3. Эгерде чыгарманын нускалары укукка ылайык ээликтен ажыратылса, мыйзамда каралгандан башка учурларда, анда аларды андан ары жайылтууга автордун макулдугусуз жана ага акчалай акы төлөбөстөн жол берилет.

4. Чыгарма киреше (пайда) алуу максатында пайдалангандыгына же болбосо аны пайдалануу буга багытталбагандыгына карабастан пайдаланылды деп эсептелет.

5. Чыгарманын (ойлоп табуулардын башка техникалык, экономикалык, уюштуруу жана ушул сыяктуу чечимдердин) жоболорун иш жүзүндө колдонуу автордук укук жагынан алганда чыгарманы пайдалануу деп эсептелбейт.

(КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1061-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1061)  
Кийинки берене: [1063-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1063)
