# 1061-статья. Чыгарманы элге белгилүү кылуу укугу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 54-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 февраля 2013 года № 32 "О внесении дополнений и изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203839)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281626..1281627>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1061>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1061.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1061-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1061

---

1. Авторго чыгармага адамдардын чектелбеген чөйрөсүнө мүмкүнчүлүк берүү укугу (аны элге белгилүү кылуу укугу) таандык кылынат.

2. Автор тарабынан же анын макулдугу менен чыгарманы бастырып чыгаруу, калк алдында аткаруу, калк алдында көрсөтүү же аны башка жол менен жарыкка чыгаруу аркылуу адамдардын чектелбеген чөйрөсүнө алгачкы жолу алынып чыккандан кийин чыгарма элге белгилүү болду деп эсептелет.

Автор чыгарманы пайдаланууга укук алган адамдардын мындай чечимден улам тарткан зыяндарынын, анын ичинде алынбай калган пайдасынын ордун толтурган шартта чыгармасын элге белгилүү кылуу жөнүндө мурда кабыл алынган чечиминен (кайра алуу укугу) баш тартууга укуктуу. Эгерде чыгарма элге белгилүү болсо, автор аны кайра алуу жөнүндө ачык жарыялоого милдеттүү. Мында ал чыгарманын мурда даярдалган нускаларын өзүнүн эсебинен жүгүртүүдөн алып салууга укуктуу. Кызматтык тапшырма тартибинде жаратылган чыгармалар үчүн ушул пункттун жоболору колдонулбайт. (КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1060-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1060)  
Кийинки берене: [1062-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1062)
