# 1060-статья. Чыгарманын кол тийгистик укугу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 54-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1060>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1060.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1060-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1060

---

1. Авторго өзүнүн чыгармасына өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүнүн жана ага автордун макулдугусуз өзгөртүүлөрдү жана толуктоолорду киргизүүдөн чыгарманы коргоонун (чыгарманын кол тийгистик укугу) өзгөчө укугу таандык кылынат.

Чыгарманы бастырып чыгарууда, калк алдында аткарууда же башкача пайдаланууда чыгарманын өзүнө, ошондой эле анын аталышына жана автор белгилеген атка кандайдыр бир өзгөртүү киргизүүгө автордун макулудугу менен гана жол берилет. Автордун макулдугусуз анын чыгармасын бастырып чыгарууда аны иллюстрациялар, кириш сөздөр, соңку сөздөр, комментариялар же кандайдыр-бир коштомо материалдар менен толуктоого автордун макулдугусуз тыюу салынат.

2. Автор өлгөндөн кийин чыгарманын кол тийгистиги керээзде көрсөтүлгөн адам тарабынан, ал эми мындай көрсөтмөлөр жок болгондо автордун мураскорлору, ошондой эле мыйзамга ылайык автордук укуктарды коргоо жүктөлгөн адамдар тарабынан жүзөгө ашырылат.

(КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1059-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1059)  
Кийинки берене: [1061-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1061)
