# 1056-статья. Автордук укукту коргоо белгиси

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 54-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1056>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1056.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1056-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1056

---

(Берененин аталышыш КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Автордук өзгөчө укуктун ээси өзүнүн укуктары жөнүндө билдирүү үчүн автордук укукту коргоо белгисин пайдалана алат, ал чыгарманын ар бир нускасына жайгаштырылат жана үч элементтен турат, анда;

тегеректелген "С" латын тамгасы; автордук өзгөчө укуктун ээсинин ысымы (аталышы); чыгарманын алгачкы жарыяланган жылы көрсөтүлөт.

2. Эгерде башкача экендиги далилденбесе, автордук укукту коргоо белгисинде көрсөтүлгөн адам анын укуктук ээси деп эсептелет.

---

Мурунку берене: [1055-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1055)  
Кийинки берене: [1057-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1057)
