# 1055-статья. Чыгармаларды түзүүнү уюштурган адамдардын укуктары

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 54-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 февраля 2013 года № 32 "О внесении дополнений и изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203839)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281626..1281627>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1055>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1055.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1055-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1055

---

1. Чыгармаларды түзүүнү уюштурган адамдар (энциклопедияларды басып чыгаруучулар, фильмдерди даярдоочулар, продюсерлер жана башкалар) тиешелүү чыгарманын автору деп таанылбайт. Бирок ушул Кодексте же башка мыйзамдарда каралган учурларда, мындай адамдар бул чыгармаларды пайдаланууга өзгөчө укукка ээ болот.

2. Энциклопедияларды, энциклопедиялык сөздүктөрдү, илимий эмгектердин мезгилдүү жана улантылган жыйнактарын, газеталарды, журналдарды жана башка мезгилдүү басылмаларды бастырып чыгаруучуларга мындай басылмаларды пайдалануунун өзгөчө укугу таандык кылынат. Басып чыгаруучу мындай басылманы ар кандай пайдаланууда өзүнүн аталышын көрсөтүүгө же болбосо ушундай кылып көрсөтүүнү талап кылууга укуктуу.

3. Эгерде чыгарманы түзүү келишиминде башкача каралбаса, мындай басылмаларга киргизилген чыгармалардын авторлору жалпы басылганына карабастан өз чыгармаларын пайдалануунун өзгөчө укугун сактап калышат.

4. Эгерде келишимде башкача каралбаса, аудиовизуалдык чыгарманы түзүүгө келишим түзүү бул чыгарманын авторлорунун аудиовизуалдык чыгарманы даярдоочуга чыгарманы кайра чыгарууга, жайылтууга, көпчүлүк алдында аткарууга, жалпыга маалымдоо үчүн кабель аркылуу берүүгө, эфирге берүүгө же аудиовизуалдык чыгарманы кандай гана болбосун түрдө көпчүлүккө жайылтууга, ошондой эле аудиовизуалдык чыгарманын текстин субтитрлештирүүгө жана коштоого болгон өзгөчө укуктарын өткөрүп берүүгө алып келет. Көрсөтүлгөн укуктар аудиовизуалдык чыгармага автордук укуктун колдонулуу мөөнөтү ичинде колдонулат.

Аудиовизуалдык чыгарманы даярдоочу бул чыгарманы ар кандай пайдаланууда өзүнүн ысымын же аталышын көрсөтүүгө же болбосо ушундай кылып көрсөтүүнү талап кылууга укуктуу. Эгерде келишимде башкача каралбаса, аудиовизуалдык чыгарма калкка көрсөтүлгөндө музыкалык чыгарманын (тексти бар же тексти жок) автору өзүнүн музыкалык чыгармасынын калк алдында аткарылышы үчүн акчалай сыйлык алуу укугун сактап калат. Автордун жана мүлктүк укуктардын башка ээлеринин макулдугусуз фильмдин акыркы вариантын (жазылып алынган түп нускасын, негативин) жок кылууга тыюу салынат. (КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1054-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1054)  
Кийинки берене: [1056-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1056)
