# 1054-статья. Чыгармалардан жаратылган жана курамдуу чыгармалардын авторлору

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 54-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1054>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1054.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1054-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1054

---

1. Материалдарды тандоо же жайгаштыруу боюнча чыгармачыл эмгектин натыйжасын билдирген башка чыгармаларды кайра иштеп чыккан адамдар, котормочулар, жыйнактарды жана чыгармалардын башка курамдык бөлүктөрүн түзүүчүлөр тиешелүү түрдө чыгармалардан жаратылган жана курамдуу чыгармалардын автору деп таанылат.

Чыгармадан жаратылган чыгарманын автору кайра иштетилген, которулган же курамдык чыгармага киргизилген чыгарманын авторунун укуктарын сактаган шартта, мындай чыгармага автордук укукка ээ болот.

2. Чыгармадан чыгарма жаратуучулардын автордук укугу башка адамдардын мурда пайдаланылган чыгармалардын негизинде чыгармадан чыгарма жаратуусуна тоскоолдук кылбайт.

---

Мурунку берене: [1053-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1053)  
Кийинки берене: [1055-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1055)
