# 1053-статья. Авторлоштук

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 54-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1053>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1053.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1053-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1053

---

1. Эки же андан ашык автордун чыгармачыл эмгеги менен түзүлгөн чыгармага автордук укук мындай чыгарма бир бүтүн чыгарманы түзгөндүгүнө же ар бири өз алдынча мааниге ээ болгон бөлүктөрдөн тургандыгына карабастан авторлошторго бирдей таандык болот.

Эгерде чыгарманын бир бөлүгү бул чыгарманын башка бөлүктөрүнө карабастан пайдаланылышы мүмкүн болсо, ал өз алдынча мааниге ээ деп таанылат. Эгерде алардын ортосундагы макулдашууда башкача каралбаса, авторлоштордун ар бири өз алдынча мааниге ээ болгон чыгарманын өзү түзгөн бөлүгүн өзүнүн кароосу боюнча пайдаланууга укуктуу.

2. Авторлоштордун ортосундагы мамилелер, эреже катары, макулдашуунун негизинде аныкталат. Мындай макулдашуу жок болгон учурда чыгармага автордук укук бардык авторлор тарабынан чогуу жүзөгө ашырылат, ал эми акчасы алардын ортосунда тең бөлүштүрүлөт.

Эгерде авторлоштордун чыгармасы ажыратылгыс бир бүтүндүктү түзсө, анда авторлоштордун бирөө дагы ага жетишээрлик негиздери жок туруп чыгарманы пайдаланууга тыюу салууга укуксуз. (КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1052-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1052)  
Кийинки берене: [1054-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1054)
