# 1052-статья. Чыгарманын автору. Автордуктун презумпциясы

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 54-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1052>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1052.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1052-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1052

---

1. Өзүнүн чыгармачыл эмгеги менен чыгарма жараткан граждан чыгарманын автору деп таанылат.

Эгерде башкача далилденбесе, чыгарма биринчи жарыяланганда анын автору катары белгиленген адам анын автору деп эсептелет.

2. Чыгарма автору аталбастан же тергеме ат менен жарыяланганда (автордун тергеме аты анын инсандыгынан шектенүүнү пайда кылбагандан башка учурларда), башкалардын далилдери жок болгон учурда чыгармада ысымы же аталышы көрсөтүлгөн бастырып чыгаруучу автордун өкүлү катары эсептелет жана автордук укукту коргоого жана аны жүзөгө ашырууну камсыз кылууга укуктуу болот. Бул жобо мындай чыгарманын автору өзүнүн инсандыгын ачыкка чыгарып жана өзүнүн автор экиндигин билдирмейинче колдонулат.

---

Мурунку берене: [1051-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1051)  
Кийинки берене: [1053-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1053)
