# 1051-статья. Расмий документтердин, символдордун жана белгилердин долбоорлоруна укуктуулук

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 54-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1051>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1051.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1051-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1051

---

1. Расмий документтин, символдун же белгинин долбооруна автордук укук долбоорду түзгөн (иштеп чыккан) адамга таандык болот.

Эгерде буга долбоор тапшырмасы боюнча иштелип жаткан орган тарабынан тыюу салынбаса, расмий документтердин, символордун жана белгилердин долбоорлорун иштеп чыгуучулар мындай долбоорлорду жарыялоого укуктуу. Долбоорду жарыялоодо иштеп чыгуучулар өз атын көрсөтүүгө укуктуу.

2. Эгерде долбоор компотенттүү орган тарабынан жарыяланса жана тиешелүү органга жөнөтүлсө, долбоор бул орган тарабынан аны иштеп чыгуучунун макулдугусуз эле расмий документти даярдоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн.

Расмий документтерди, символдорду жана белгилерди даярдоодо долбоордун негизинде ага расмий документти, символду же белгини даярдоону жүзөгө ашыруучу органдын кароосу боюнча толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Долбоор компетенттүү орган тарабынан жактырылгандан кийин ал иштеп чыгуучунун ысымын көрсөтпөстөн пайдаланылышы мүмкүн. (КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1050-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1050)  
Кийинки берене: [1052-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1052)
