1051-статья. Расмий документтердин, символдордун жана белгилердин долбоорлоруна укуктуулук
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 54-Глава
1. Расмий документтин, символдун же белгинин долбооруна автордук укук долбоорду түзгөн (иштеп чыккан) адамга таандык болот.
Эгерде буга долбоор тапшырмасы боюнча иштелип жаткан орган тарабынан тыюу салынбаса, расмий документтердин, символордун жана белгилердин долбоорлорун иштеп чыгуучулар мындай долбоорлорду жарыялоого укуктуу. Долбоорду жарыялоодо иштеп чыгуучулар өз атын көрсөтүүгө укуктуу.
2. Эгерде долбоор компотенттүү орган тарабынан жарыяланса жана тиешелүү органга жөнөтүлсө, долбоор бул орган тарабынан аны иштеп чыгуучунун макулдугусуз эле расмий документти даярдоо үчүн пайдаланылышы мүмкүн.
Расмий документтерди, символдорду жана белгилерди даярдоодо долбоордун негизинде ага расмий документти, символду же белгини даярдоону жүзөгө ашыруучу органдын кароосу боюнча толуктоолор жана өзгөртүүлөр киргизилиши мүмкүн. Долбоор компетенттүү орган тарабынан жактырылгандан кийин ал иштеп чыгуучунун ысымын көрсөтпөстөн пайдаланылышы мүмкүн. (КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1051-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 25.02.2013 · № 32
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду сайтыңыздагы барактын HTML кодуна коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-1051" title="1051-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>