# 1048-статья. Автордук укуктун объектилеринин түрлөрү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 54-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 17 февраля 2003 года № 39 "О внесении изменений и дополнений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики".](https://aqlex.ai/kg/doc/1163)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281616..1281617>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1048>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1048.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1048-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1048

---

Төмөндөгүлөр: адабий чыгармалар (адабий-көркөм, илимий, окуу, публицистикалык жана башка ушул сыяктуу); драмалык жана сценалык чыгармалар; тексти бар жана тексти жок музыкалык чыгармалар; музыкалык-драмалык чыгармалар; хореографиялык чыгармалар жана пантомималар; үнвизуалдык чыгармалар (кино, теле, жана көргөзмө фильмдер, слайд-фильмдери жана башка кино, теле жана көргөзмө чыгармалар); живопись, скульптура, графика, дизайн чыгармалары жана көрсөтмөлүү искусствонун башка чыгармалары; декоративдик-прикладдык сценалык искусствонун чыгармалары; архитектура, шаар куруу жана багбанчылык-сейил бак искусствосунун чыгармалары; фото чыгармалар жана фото сүрөткө окшош ыкмалар менен алынган чыгармалар; географиялык, геологиялык жана башка карталар, географияга, топографияга жана башка илимдерге таандык кылынган пландар, эскиздер жана чыгармалар; ар кандай түрдөгү электрондук-эсептөө машиналары (ЭЭМ), анын ичинде прикладдык программалар жана операциялык системалар; ушул Кодекстин 1047-статьясында белгиленген талаптарга жооп берген башка чыгармалар автордук укуктун объектилерине таандык кылынат. (КР 2003-жылдын 17-февралындагы № 39 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1047-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1047)  
Кийинки берене: [1149-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1149)
