# 1043-статья. Интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларын түзүү жана пайдалануу жөнүндө келишим

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 53-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1043>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1043.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1043-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1043

---

1. Интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларын түзүү жана пайдалануу жөнүндө келишим боюнча автор өзүнө келечекте чыгарма жаратуу, ойлоп табуу же интеллектуалдык ишмердүүлүктүн башка натыйжасын түзүү жөнүндө милдеттенме алышы мүмкүн жана анын жумуш берүүчүсү болуп эсептелбеген буюрмачыга бул натыйжаны пайдаланууга өзгөчө укукту бериши мүмкүн.

Мындай келишимде интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжасын түзүүнүн мүнөзү, ошондой эле аны пайдалануунун максаты же болбосо ыкмалары аныкталууга тийиш.

2. Автор келечекте түзүүгө тийиш болгон интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларын пайдаланууга болгон өзгөчө укуктуу кимдир бирөөгө берүү жөнүндө авторду милдеттендирген келишим арзыбаган келишим болуп эсептелет.

Келечекте белгилүү бир түрдөгү же болбосо белгилүү бир жактагы интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларын түзүүдө авторду чектеген интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларын түзүү жана пайдалануу жөнүндө келишимдин шарттары арзыбаган шарттар болуп эсептелет. (КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1042-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1042)  
Кийинки берене: [1044-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1044)
