1043-статья. Интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларын түзүү жана пайдалануу жөнүндө келишим
Күчүндө · 28.07.2026 редакциясы · 53-Глава
1. Интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларын түзүү жана пайдалануу жөнүндө келишим боюнча автор өзүнө келечекте чыгарма жаратуу, ойлоп табуу же интеллектуалдык ишмердүүлүктүн башка натыйжасын түзүү жөнүндө милдеттенме алышы мүмкүн жана анын жумуш берүүчүсү болуп эсептелбеген буюрмачыга бул натыйжаны пайдаланууга өзгөчө укукту бериши мүмкүн.
Мындай келишимде интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжасын түзүүнүн мүнөзү, ошондой эле аны пайдалануунун максаты же болбосо ыкмалары аныкталууга тийиш.
2. Автор келечекте түзүүгө тийиш болгон интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларын пайдаланууга болгон өзгөчө укуктуу кимдир бирөөгө берүү жөнүндө авторду милдеттендирген келишим арзыбаган келишим болуп эсептелет.
Келечекте белгилүү бир түрдөгү же болбосо белгилүү бир жактагы интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларын түзүүдө авторду чектеген интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларын түзүү жана пайдалануу жөнүндө келишимдин шарттары арзыбаган шарттар болуп эсептелет. (КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)
Берененин тексти 28.07.2026 редакциясы боюнча берилди. Юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
1043-берене боюнча дагы суроолоруңуз барбы?
ЖИден сураңыз - ал мыйзамдын тексти боюнча жооп берип, керектүү беренелерди көрсөтөт.
Айына ЖИнин 40 жообу - акысыз. Банк картасы керек эмес.
Берененин байланыштары
Беренеде аталган актылар (1)
- Кыргыз Республикасынын Граждандык кодексине толуктоолорду жана өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндөЗакон · 25.02.2013 · № 32
Беренени өз сайтыңызга кошуу
Виджет берененин күчүндөгү редакциясын көрсөтөт жана аны менен кошо жаңыланат. Бул кодду баракчаңыздын HTML'ине коюңуз:
<iframe src="https://aqlex.ai/kg/embed/doc/5/st-1043" title="1043-статья - КР Граждандык Кодекси II бөлүгү (aqlex)" width="100%" height="480" style="border:1px solid #e3e5e8;border-radius:8px" loading="lazy"></iframe>