# 1042-статья. Лицензиялык келишим

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 53-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 февраля 2013 года № 32 "О внесении дополнений и изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203839)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281626..1281627>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1042>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1042.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1042-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1042

---

1. Лицензиялык келишим боюнча интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларына же жеке каражаттарга өзгөчө укугу бар тарап (лицензия берүүчү) экинчи тарапка (лицензия алуучуга) интеллектуалдык менчиктин тиешелүү объектисин пайдаланууга уруксат берет.

Лицензиялык келишим акысыз болууга тийиш.

2. Лицензиялык келишимде лицензия алуучуга:

лицензия берүүчүнүн интеллектуалдык менчиктин объектисин пайдалануу укугун жана башка адамдарга лицензия берүү укугун (өзгөчөлөнбөгөн жөнөкөй лицензия) сактоо менен интеллектуалдык менчиктин объектисин пайдалануу укугун; лицензия берүүчүнүн интеллектуалдык менчиктин объектисин пайдалануунун лицензия берүүчүгө өткөрүлүп берилбей турган укугун сактоо менен, (өзгөчө лицензия), интеллектуалдык менчиктин объектисин пайдалануу укугун; мыйзам жооп берген лицензиялардын башка түрлөрүн берүү каралышы мүмкүн. Эгерде лицензиялык келишимде башкача каралбаса, жөнөкөй лицензия өзгөчө эмес болуп эсептелет.

3. Лицензия берүүчү тарабынан интеллектуалдык менчиктин объектисин пайдалануу укугун башка адамга берүү жөнүндө келишим сублицензиялык келишим катары таанылат. Лицензия берүүчү лицензиялык келишимде каралган учурларда адамдар менен сублицензиялык келишим түзүүгө укуктуу.

Эгерде лицензиялык келишимде башкача каралбаса, лицензиялоочунун алдында сублицензиялоочунун аракети үчүн лицензия берүүчү жоопкерчилик тартат. (КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1041-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1041)  
Кийинки берене: [1043-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1043)
