# 1041-статья. Өзгөчө укуктардын башка адамга өтүшү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 53-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Акыркы өзгөртүү: [Закон КР от 25 февраля 2013 года № 32 "О внесении дополнений и изменений в Гражданский кодекс Кыргызской Республики"](https://aqlex.ai/kg/doc/203839)
- Редакцияларды салыштыруу: <https://aqlex.ai/kg/doc/5#diff=1281626..1281627>
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1041>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1041.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1041-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1041

---

1. Эгерде ушул Кодексте же башка мыйзамдарда башкача каралбаса, интеллектуалдык менчиктин объектисине өзгөчө укугу бар адамга таандык мүлктүк укуктар укук ээси тарабынан келишим боюнча башка адамга толугу менен же жарым-жартылай өткөрүлүп берилиши, ошондой эле мураска берилиши жана юридикалык жак - укук ээси кайра уюштурулганда укуктук жолун жолдоочулук тартибинде башка адамга өтүшү мүмкүн.

2. Мындай укуктарды өткөрүп берүү же чектөө жөнүндө келишимдин шарттары арзыбаган шарттар болуп эсептелет.

Келишим боюнча өткөрүлүп бериле турган өзгөчө укуктар келишимде аныкталууга тийиш. Келишимде ээликтен ажыратылуучу катары көрсөтүлбөгөн укуктар өткөрүлүп берилбеген болуп эсептелет. Өзгөчө укукту башка адамга чектеген убакытка өткөрүп берүүнү караган келишимге лицензиялык келишим жөнүндө эрежелер колдонулат. (КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1040-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1040)  
Кийинки берене: [1042-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1042)
