# 1040-статья. Интеллектуалдык менчиктин объектилерине өзгөчө укук

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 53-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1040>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1040.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1040-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1040

---

1. Интелектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларына же жеке каражаттарга мүлктүк укуктун ээсине интеллектуалдык менчиктин ушул объектисин өзү каалагандай ар кандай түрдө жана ар кандай ыкма менен укукка ылайык пайдалануунун өзгөчө укугу таандык кылынат.

Укук ээсине өзгөчө укук таандык кылынган интеллектуалдык менчиктин объектилерин башка адамдардын пайдаланышына укук ээсинин макулдугу менен гана жол берилет.

2. Интеллектуалдык менчик объектисине өзгөчө укугу бар адам бул укугун башка адамга толугу менен же жарым-жартылай өткөрүп берүүгө, башка адамга интеллектуалдык менчиктин объектисин пайдаланууга уруксат берүүгө укуктуу жана мунун өзү ушул Кодекстин жана башка мыйзамдардын эрежелерине карама-каршы келбесе, аны башкача жол менен тескөөгө укуктуу.

3. Өзгөчө укуктарды чектөөгө, анын ичинде интеллектуалдык менчиктин объектисин башка адамдарга пайдаланууга мүмкүнчүлүк берүү аркылуу, бул укуктарды жараксыз деп таанууга жана аларды токтотууга (жокко чыгарууга) ушул Кодексте жана башка мыйзамдарда каралган чектерде жана тартипте жол берилет.

Мындай чектөө интеллектуалдык менчикти туура пайдаланууга зыян келтирбеген жана укук ээлеринин мыйзамдуу таламдарына шек келтирбеген шартта өзгөчө укуктарды чектөөгө жол берилет. (КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1039-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1039)  
Кийинки берене: [1041-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1041)
