# 1039-статья. Интеллектуалдык менчиктин объектилерине мүлктүк эмес жана мүлктүк жеке укуктар

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 53-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1039>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1039.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1039-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1039

---

1. Интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларынын авторлоруна иштин ошол натыйжаларына карата мүлктүк жана мүлктүк эмес укуктар таандык болот.

Мүлктүк эмес жеке укуктар авторго анын мүлктүк укуктарына карабастан таандык болот жана анын интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжаларына болгон мүлктүк укуктары башка адамга өткөн учурда да сакталат.

2. Граждандык карым-катнаштын катышуучуларынын товарларын, жумуштарын же кызмат көрсөтүүлөрүн (мындан ары - жекече түргө өткөрүү каражаттары) жекече түргө өткөрүү каражаттарына укугу барларга ушул каражаттар жагындагы мүлктүк укуктар таандык кылынат.

3. Автордук укук (интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжасынын автору катары таануу укугу) мүлктүк эмес жеке укук болуп эсептелет жана чыгармачыл эмгеги менен интеллектуалдык ишмердүүлүктүн натыйжасын түзгөн адамга гана таандык болушу мүмкүн.

Автордук укук ээликтен ажыратылбайт жана башкага берилбейт.

4. Эгерде натыйжа эки же андан ашык адамдын биргелешкен чыгармачыл эмгеги менен түзүлсө, алар авторлош деп таанылат.

(КР 2013-жылдын 25-февралындагы № 32 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1038-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1038)  
Кийинки берене: [1040-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1040)
