# 1036-статья. Кайтарып берүүгө тийиш болбогон негизсиз баюу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 52-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1036>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1036.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1036-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1036

---

Негизсиз баюу катары төмөнкүлөр кайтарып берилбейт:

1) эгерде милдеттенмеде башкасы каралбаса милдеттенмени аткаруу үчүн берилген мүлк аткаруу мөөнөтү бүткөнгө чейин;

2) милдеттенмени аткаруу үчүн берилген мүлк доо коюу мөөнөтүнүн өткөндүгү боюнча;

3) гражданин тараптан ак ниетсиздик жана эсептен адашуу болбогон учурда жашап туруу каражаты берилген эмгек акы жана ага теңештирилген төлөмдөр, пенсия, пособие, стипендия, өмүргө же ден соолукка келтирилген зыяндын ордун толтуруу, алименттер жана башка акча каражаттары;

4) эгерде сатып алуучу мүлктүн кайтарылышын талап кылган жак милдеттенме жок экендигин билгендигин же мүлктү кайрымдуулук максаттарында бергендигин далилдесе дайны жок милдеттенмени аткаруу үчүн берилген акча каражаты жана башка мүлк.

---

Мурунку берене: [1035-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1035)  
Кийинки берене: [1037-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1037)
