# 1029-статья. Негизсиз байлыкты кайтарып берүү милдеттенмеси

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 52-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1029>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1029.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1029-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1029

---

1. Мыйзам же бүтүм менен белгиленбеген негиздер боюнча башка жактын (жабыр тартуучунун) эсебинен мүлктү сатып алган же жыйнаган жак жабыр тартуучуга негизсиз сатып алган же жыйнаган мүлктү (негизсиз байлыкты) ушул Кодекстин 1037-статьясында каралган учурлардан тышкары кайтарып берүүгө милдеттүү.

2. Ушул главада каралган эрежелер мүлктү сатып алуучунун, жабыр тартуучунун өзүнүн, үчүнчү жактардын жүрүш-турушунун натыйжасында же алардын эркинен тышкары негизсиз баюу болгондугуна карабастан колдонулат.

---

Мурунку берене: [1028-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1028)  
Кийинки берене: [1030-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1030)
