# 1027-статья. Моралдык зыяндын ордун толтуруу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 51-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1027>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1027.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1027-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1027

---

1. Ушул статьянын 2-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары моралдык зыяндын орду аны келтирген кишинин күнөөсү бар болсо, аны келтирген жак тарабынан толтурулат.

2. Моралдык зыяндын орду төмөнкүдөй учурларда аны келтирген жактын күнөөсү бар же жок экендигине карабастан толтурулат:

өтө коркунучтуулук булак менен гражданиндин өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтирилгенде; гражданинди мыйзамсыз соттоонун, кылмыш жоопкерчилигине мыйзамсыз тартуунун, токтотуу чарасы катары камакка алуу же башка жакка кетип калбоо жөнүндө кол койдуруп алуу мыйзамсыз колдонгондо, камакка алуу же түзөтүү иштери түрүндө мыйзамсыз административдик жаза колдонуунун натыйжасында зыян келтирилгенде; адамдын ар-намысын, абийирин жана ишкердик беделин түшүрүүчү маалыматтарды таркатуу менен зыян келтиргенде; ошондой эле мыйзамда каралган башка учурларда.

3. Гражданиндин мүлктүк укуктарын бузууга алып келген аракет (аракетсиздик) менен келтирилген моралдык зыяндын орду мыйзамда каралган учурлардан тышкары толтурулбайт.

Караңыз: КР Жогорку Сотунун пленумунун 2004-жылдын 4-ноябрындагы № 11 "Моралдык зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү мыйзамдарды колдонуунун соттук тажрыйбасынын кээ бир маселелери туурасында" токтому

---

Мурунку берене: [1026-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1026)  
Кийинки берене: [1028-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1028)
