# 1025-статья. Товардын, иштин же кызматтын жетишсиздигинен улам келтирилген зыяндын ордун толтуруу мөөнөтү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 51-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1025>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1025.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1025-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1025

---

1. Товардын, иштин же кызматтын жетишсиздигинен улам келтирилген зыяндын орду, эгерде зыян ал товардын (иштин, кызматтын) жарактуулугунун белгиленген мөөнөтүнүн ичинде келтирилген болсо, ал эми анын жарактуулук мөөнөтү белгиленбеген болсо - товар (иш, кызмат) чыгарылган күндөн баштап он жылдын ичинде орду толтурулууга тийиш.

2. Ушул статьянын биринчи пунктунда көрсөтүлгөн мөөнөттөн тышкаркы төмөнкүдөй учурларда, зыяндын орду толтурулат:

жарактуулук мөөнөтү мыйзамдын талабын бузуу менен белгиленбеген болсо; товар сатылган, иш аткарылган же кызмат көрсөтүлгөн жак жарактуулук мөөнөтүнүн бүтүшү боюнча зарыл аракеттерди жасашы жөнүндө жана аталган аракеттерди аткарбай коюунун мүмкүн болуучу залалдары жөнүндө эскертилбесе.

---

Мурунку берене: [1024-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1024)  
Кийинки берене: [1026-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1026)
