# 1021-статья. Юридикалык жак жоюлган учурда зыяндын ордун толтуруу

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 51-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1021>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1021.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1021-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1021

---

1. Өмүргө же ден соолукка келтирген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкер деп таанылган юридикалык жак кайра уюштурулган учурда тийиштүү төлөмдөрдү төлөп берүү боюнча милдеттенмени анын укук мурастоочусу тартат. Ага ошондой эле зыяндын ордун толтуруу жөнүндөгү талап коюлат.

2. Өмүргө же ден соолукка келтирген зыян үчүн белгиленген тартипте жоопкер деп таанылган юридикалык жак жоюлган учурда тийиштүү төлөмдөр мыйзам же башка нормативдик укуктук актылар менен белгиленген эрежелер боюнча жабыр тартуучуга төлөп берүү үчүн капиталдаштырылууга тийиш.

3. Жоюлган юридикалык жакта мүлктүн жоктугуна же жетишсиздигине байланыштуу төлөмдөр капитализацияланбаган учурда жабыр тартуучуга ыйгарылган сумманы мыйзамда белгиленген тартипте мамлекет төлөп берет.

---

Мурунку берене: [1020-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1020)  
Кийинки берене: [1022-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1022)
