# 1020-статья. Зыяндын ордун толтуруу боюнча төлөмдөр

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 51-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1020>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1020.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1020-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1020

---

1. Жабыр тартуучунун эмгекке жарамдуулугунун төмөндөгөндүгүнө же өлүмүнө байланыштуу зыяндын ордун толтуруу ай сайын төлөө аркылуу жүргүзүлөт.

Жүйөөлүү себептер бар болсо зыяндын ордун толтуртууга укугу бар граждандын талабы боюнча ага таандык төлөмдөрдү сот зыян келтирүүчүнүн мүмкүнчүлүктөрүн эске алуу менен бир жолу, бирок үч жылдан ашпаган убакыт үчүн гана бердирет.

2. Кошумча чыгымдардын ордун толтуруу суммасы медициналык экспертизанын корутундусунун негизинде аныкталган мөөнөттөрдүн чегинде, ошондой эле тийиштүү кызматтардын жана мүлктүн наркын (жолдомо сатып алуу, жол акысын төлөө, атайын транспорт каражаттарын төлөө) алдын ала төлөө зарылчылыгы болгон кезде келечек мезгил үчүн ыйгарылышы мүмкүн.

3. Жабыр тартуучу мыйзамга ылайык милдеттенмени аткарууну токтотууну же мөөнөтүнөн мурда аткарууну талап кылган учурда, мындай талап тийиштүү убактылуу төлөмдөрдү капитализациялоо жолу менен канааттандырылат.

---

Мурунку берене: [1019-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1019)  
Кийинки берене: [1021-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1021)
