# 1019-статья. Жашоо наркынын жогорулагандыгына жана эсептик көрсөткүчтүн өлчөмүнүн көбөйгөндүгүнө байланыштуу зыяндын ордун толтуруунун өлчөмүнүн көбөйүшү

- Документ: [КР Граждандык Кодекси II бөлүгү](https://aqlex.ai/kg/doc/5)
- Документтеги орду: 51-Глава
- Толук аталышы: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү
- Актынын түрү: Кодекс
- Номери: 1
- Кабыл алынган күнү: 05.01.1998
- Статусу: Күчүндө
- Редакциянын күнү: 28.07.2026
- Тексттин тили: кыргыз тили
- aqlex'теги барагы: <https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1019>
- Расмий булак: <https://cbd.minjust.gov.kg/5/edition/1281613/ru>
- Башка тилдеги тексти (Markdown): <https://aqlex.ai/doc/5/st-1019.md>

> Текст расмий булактын маалыматы боюнча 28.07.2026 редакциясында берилди. Бул юридикалык кеңеш эмес: юридикалык маанилүү аракеттер үчүн расмий жарыялоо менен салыштырыңыз.
>
> Кантип шилтеме берүү керек: КР Граждандык Кодекси II бөлүгү, 1019-статья (28.07.2026 редакциясы) - https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1019

---

(Статьянын аталышыш (Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

1. Жабыр тартуучунун ден соолугуна залал келтирүү же анын өлүмү менен байланыштуу граждандарга төлөнгөн зыяндын ордун толтуруу суммасы жашоо наркы жогорулаганда мыйзам менен белгиленген тартипте индексацияланат.

2. Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши бекиткен эсептик көрсөткүчтүн өлчөмү жогорулаганда жабыр тартуучунун ден соолугуна залал келтирүү же анын өлүмүнө байланыштуу ага ыйгарылган албай калган эмгек акысын (кирешесин), башка төлөмдөрүнүн ордун толтуруу суммасы эмгек акынын минималдуу өлчөмүнүн мыйзамда белгиленген жогорулашына пропорционалдуу көбөйөт (308-статья).

(Кыргыз Республикасынын 2008-жылдын 19-мартындагы № 24 Мыйзамынын редакциясына ылайык)

---

Мурунку берене: [1018-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1018)  
Кийинки берене: [1020-статья](https://aqlex.ai/kg/doc/5/st-1020)
